Казакстанда коронавирус жуктуруу учуру артты

Казакстанда коронавирус жуктуруу учуру артты

Казакстанда коронавирус илдетинин көрсөткүчү дагы да артты. Өлкөдө 24 саат ичинде 2 656 адамдан COVID-19 вирусу аныкталды. Антирейтинг тизмесинде ооругандардын эң көп саны 2 ири мегаполисте - Алматы жана Нур-Султанда катталды. Бул эки шаарга бардык бейтаптардын дээрлик жарымы туура келет. Ал эми Алматы облусунда 232 жана Караганды облусунда 201 жаңы учур катталды. Өлкөдө коронавируска жалпы 282 миң адам чалдыкты.

Эпидемиологиялык кырдаалды баалоо матрицасына ылайык, учурда Казакстандын борбору, Алматы, Шымкент, ошондой эле, Атырау, Актөбе, Акмола, Алматы, Батыш Казакстан, Караганды облустары «кызыл» зонада турат. Ал эми Чыгыш Казакстан, Жамбыл, Кызылорда, Павлодар, Түндүк Казакстан жана Маңгыстау облустарында абал бир аз жакшырды. Костанай менен Түркестан облустары коопсуз делген «жашыл» зонада.

Которгон: Илгиз Жамалбеков