QazVac клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы ортолоп калды

QazVac клиникалык сыноосунун үчүнчү фазасы ортолоп калды

Коронавируска каршы казакстандык вакцинанын клиникалык сыноосунун үчүнчү этабынын алгачкы жарымы чын куран айынын 15де аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим вице-министри Мирас Дауленов билдирди. Эске салсак, сыноого 3 миң ыктыярчы катышууда. Эмделгендердин бир бөлүгү вакцинанын өзү менен, ал эми калгандары плацебо менен эмделди. Тест жүргүзүү аяктагандан кийин бардыгынан анализ алынып, препараттын эффективдүүлүгү тууралуужыйынтык маалымат даярдалат.

Мирас Дауленов, Казакстандын Билим берүү жана илим вице-министри:

- Бардыгы Саламаттык сактоо министрлиги бекиткен протокол боюнча штаттык түрдө жүргүзүлүп жатат. Изилдөөлөр Алматы жана Тараз шаарларындагы клиникаларда жүргүзүлүүдө. Алардын тиешелүү ДжиСиПи сертификаттары бар. Ыктыярчылар ден соолугунун абалы тууралуу дарыгерлерге ар апта сайын маалымдап, клиникаларга барып турушат. Башкача айтканда,дарыгердин көзөмөлүндө болушат. Алар антителолорду нейтралдаштырып, вируска каршы антителолорду текшерүү үчүн колдонулат.Клиникалык сыноолордун протоколуна жана Саламаттык сактоо министрлигинин, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун талаптарына ылайык клиникалык сыноолорду өткөрүү үчүн белгилүү бир мөөнөттөр бар. Үчүнчү фазага кеминде 180 күн керектелет.Ошондуктан конкреттүү натыйжасын күтүү маанилүү.

Күнсулу Закария, Биологиялык коопсуздук маселелери илимий-изилдөө институтунун башкы мүдүрү:

- Бул вакцинанын 50 миң дозасы институтта даяр. Даярдалган абалда, флакондун ичинде турат. Учурда вакцинанын 50 миң дозасы көзөмөлгө алынып, изилдөөлөрдөн өтүп жатат. Чын куран айынын 25-27 аралыгында бул вакциналар «СК Фармация» кампаларына жеткирилет.

Белгилей кетсек, QazVac клиникалык сыноолордун үчүнчү баскычына жеткен дүйнөдөгү он төртүнчү вакцина. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тизмесинде коронавируска каршы 260тан ашуун талапкердик вакцина бар. Жалпысынан Казакстанда антиковиддик дары-дармектерди иштеп чыгууга жана изилдөөгө 2,5 миллиард теңге сарпталды. Учурда ата мекендик окумуштуулар беш вакцинанын үстүндө иштеп жатышат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков