Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү өстү

Казакстанда коронавирус жуктуруу көрсөткүчү өстү

Казакстанда коронавирус илдети кайрадан күч алды. Өткөн суткада өлкөдө дагы 2 229 адамдан кооптуу инфекция аныкталды. Алматы шаарында – 612, борбор калаада – 465, Алматы облусунда – 226, Караганды облусунда – 197, Батыш Казакстанда – 115 жаңы учур катталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө аталган илдетке жалпы 276 миңден ашуун адам кабылды. Казакстан Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда 36 миңге жакын адам коронавирус инфекциясынан дарыланып жатса, алардын 12 жарым миңге жакыны стационардык абалда.

Которгон: Илгиз Жамалбеков