Казакстанда калкты эмдөө жигердүү уланууда

Казакстанда калкты эмдөө жигердүү уланууда

Казакстанда калкты эмдөө жигердүү уланууда. Бүгүнкү күндө Sputnik-V вакцинасынын биринчи дозасын 384 миңден ашуун казакстандык алды. 106 миңден ашуун адам эмдөөнүн эки компонентин тең алышты. Маалыматка ылайык, вакцинациянын кошумча көчмө станциялары өлкө боюнча жигердүү иш алып барууда. Мисалы, борбор калаада эки күндөн бери мындай пункттар ири соода жана көңүл ачуу борборлорунун биринде иштеп жатат. Бул убакыт аралыгында шаардын 300дөн ашуун тургуну вакцина алды.

Чингиз Курманбаев, үй-бүлөлүк ден-соолук «Шипагер» борборунун мүдүрү

- Биз расмий түрдө кечээтен баштап иштей баштадык, калкка массалык эмдөө жүргүзүп жатабыз. Негизинен биз өткөн жумада, ишембиде ачылганбыз. Бирок ошол күнү биз соода борборунун кызматкерлерин эмдөөдөн өткөрдүк. Ишемби жана жекшемби күндөрү кызматкерлердин 25 пайызын камтыдык. Жарандарды кабыл алуу эрте мененки саат 10дон кечки 10го чейин жүргүзүлөт. Азыр бизде дарыгерлерди кабыл алган 2 терапевт кабинети жана 2 дарылоо бөлмөсү бар. Ар бир дарылоо бөлмөсүндө 2 медайым жана ар бир кабыл алуу бөлмөсүндө 2 терапевт бар. Күнүгө 2 нөөмөттө иштейбиз, күнүнө 4 дарыгер жана 8 медайым кызмат өтөйт. Мындан тышкары, 4 каттоочу бар.

Белгилей кетсек, Казакстанда калкты эмдөө эки этапта жүргүзүлөт. Бейтап вакцинанын биринчи компонентин алгандан кийин, экинчисин үч жума өткөндөн кийин гана алат. Процедурадан мурун дарыгерлер бейтапты кылдаттык менен карап чыгышат.

Анастасия Маркварт, ыктыярчы:

- Биз анкета толтурууга, каякка баруу керек жана эмне кылыш керектиги боюнча жардам беребиз. Бизде бардыгы кезек күтүү менен жүрөт. Адамдар кезекте турушат, талон алышат, анкетаны толтурушат, андан кийин каттоодон өтүшөт. Мунун бардыгы даяр болгон соң терапевтке барышат. Терапевт кан басымын, дене табын текшерет. Баары жайында болгондо гана, алар эмдөөдөн өтүшөт. Вакцинациядан кийин аларга дагы жарым саат байкоо салып, абалын көзөмөлдөп турабыз. Соңунда үйүнө жиберебиз.

Вакцинаны каалаган адам алдын-ала жазылбастан же участкалык жетекчинин жолдомосу жок ала алат. Эмделгенден кийин бейтап атайын электрондук

паспорт алат. Бул келечекте коронавируска каршы дагы тест тапшырып отурбай, эркин жүрүүгө жана эркин саякаттоого мүмкүнчүлүк берет.

Ильхом Гиясов, Нур-Султан шаарынын тургуну:

- Менин ишим саякатка байланыштуу. Бүгүн эртең менен өз ыктыярым менен эмдөөдөн өттүм, ошондуктан биринчи кезекте үй-бүлөмдү коргойм деп чечтим, анткени үй-бүлө баарынан маанилүү. Мен биринчилерден болуп вакцина алдым, эртең аялым менен кызымды алып келем, алар да эмдөөдөн өтүп, ден-соолугу чың болушун каалайм. Учурда өзүмдү жакшы сезип турам, бүгүн эмдөөнүн биринчи этабы болду. Бардыгы жогорку деңгээлде өттү.

Адистердин айтымында, эмдөөдөн кийинки антителолорду аныктоо боюнча анализ вакцинанын биринчи дозасы жасалгандан кийин 42-күнү тапшырылат. Башкача айтканда, 6 жумадан кийин.

Которгон: Илгиз Жамалбеков