Казакстанда коронавирусту жуктуруу учурлары бир аз төмөндөдү

Казакстанда коронавирусту жуктуруу учурлары бир аз төмөндөдү

Казакстанда коронавирус инфекциясына чалдыгуунун байкалаарлык төмөндөшү катталды. Өткөн суткада өлкөдө кооптуу илдет ПЧР-тести аркылуу 2290 адамдан аныкталды. Деген менен дем алыш күндөрү вирус жуктуруп алгандардын саны алда канча көп болду. Жалпы өсүштүн төмөндөшүнө карабастан, түштүк мегаполисте күнүмдүк көрсөткүч дагы эле жогору бойдон калууда. Өткөн суткада диагноз 610 алматылыктан тастыкталды. Казакстандын борборунда 398 учур. Алматы облусу антирейтингде алдыңкы үчтүктү толуктайт. Бул жерде COVID-19 инфекциясы 283 адамдан аныкталган. Өлкөдө коронавирусту жуктуруп алган адамдардын жалпы саны 272 миңге чукулдады.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, азыркы учурда 34 миң 478 казакстандык коронавируска каршы дарылануусун улантууда. Анын ичинен 170 бейтаптын абалы өтө оор. 109 адам жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков