Казакстанда 1 809 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда 1 809 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы сутка ичинде 1 809 адам вирус жуктурганы белгилүү болду. Эң көп бейтап кайрадан Алматы шаарында катталып, мегаполисте 585 адамга коронавирус диагнозу коюлду. Андан кийин Алматы облусунда – 278, борбор калаада – 242 адамдан COVID-19 илдети ПЧР-тести аркылуу аныкталды. Ошентип, коронавирус тарай баштагандан бери өлкөдө аталган илдетке чалдыккандардын жалпы саны 257 миңге жетти. Мындан тышкары, өткөн суткада Казакстанда 1 122 адам кооптуу инфекциядан айыгып чыккандыгын Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.

Которгон: Илгиз Жамалбеков