Бир суткада 1 663 адамдан коронавирус аныкталды

Бир суткада 1 663 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда өткөн суткада 1 663 адамдан коронавирус илдети аныкталды. Бейтаптардын эң көп саны Алматы шаарында, мында 526 адам кооптуу инфекцияны жуктуруп алган. Баш калаа Нур-Султанда – 356, Алматы облусунда – 191 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Өлкөдөгү жалпы бейтаптардын саны 245 миңге чукулдады.

Эске салсак, Казакстан азыр коронавирустун таралышы боюнча кызыл зонада турат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24 миңден ашуун бейтап илдетке каршы дарыланууда. Алардын 8 327 стационардык абалда дарыгерлердин көзөмөлүнө алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков