Казакстанда коронавирус 1 082 адамдан аныкталды

Казакстанда коронавирус 1 082 адамдан аныкталды

Казакстанда коронавирусту жуктургандардын саны өстү. Өткөн суткада өлкөдө илдетке 1082 адам чалдыккан. Бейтаптардын санынын көптүгү боюнча Алматы менен Нур-Султан алдыда. Түштүк калаада 307 адамдан вирус табылса, борбор шаарда 203 учур катталды. 101 учур аныкталган Караганды облусу алдыңкы үчтүккө кирди. Жалпысынан, пандемия башталгандан бери өлкөдө 227 миңге жакын казакстандык кооптуу инфекцияга чалдыккан. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күндө 19 миң 500дөн ашуун адам COVID-19га каршы дарыланып жатат. Ошол эле учурда, өткөн суткада 703 адам коронавирустан айыгып чыкты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков