Өкмөттө санитардык-эпидемиологиялык абал талкууланды

Өкмөттө санитардык-эпидемиологиялык абал талкууланды

Казакстанда кийинки айда COVID-19 илдетин жуктуруу көрөткүчү кескин көбөйүшү болжолдонууда. Пессимисттик сценарий боюнча, күнүнө вирус жуктурган адамдардын саны 1700 адамга жетиши мүмкүн. Бирок учурдагы чектөө чараларын эске алганда, илдетке чалдыгуусаны бир нече эсе аз болушу мүмкүн же күнүнө 500 адамды түзөт. Өлкөдө коронавирустун жайылуу божомолун Саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында жарыялады. Ал бирдин айынын 1де республикада COVID-19га каршы эмдөө башталгандыгын эске салды. Вакцинациялоо чаралары учурда 76 миң казакстандыкты камтыган. Чын куран айынан баштап өнөкөт оорулары бар адамдар, 65 жаштан жогору жарандар жана калктын башка топтору да вакцинаны ала башташат. Бул үчүн министрлер кабинетинин башчысы Аскар Маминдин тапшырмасы менен өлкөдө кошумча эмдөө бөлмөлөрү ачылып, калкка түшүндүрүү иштери күчөтүлөт.

Аскар Мамин, Казакстандын Премьер-Министри:

- Акимчиликтердин сайтында эмдөө, анын артыкчылыктары, эмдөө пункттарынын даректери жөнүндө толук маалымат жок. Калк арасында вакцинациялоонун маанилүүлүгү жөнүндө туура пикирди калыптандыруу үчүн калктын жана медицина кызматкерлеринин арасында семинарларды уюштуруу керек. Саламаттык сактоо министрлигине вакцинанын керектүү көлөмүн өз убагында жеткирүү үчүн эмдөө пункттарынын даярдыгын жалган куран айынын аягына чейин текшерип, бардык маселелерди чечип берүүнү тапшырам.

Которгон: Илгиз Жамалбеков