ПЧР-тести жок келген жүргүнчүлөр үчүн Казакстан 5,5 миллион теңге төлөйт

ПЧР-тести жок келген жүргүнчүлөр үчүн Казакстан 5,5 миллион теңге төлөйт

Чет өлкөдөн инфекцияга каршы ПЧР аныктамасы жок келген казакстандыктар мамлекетке чоң зыян келтирүүдө. Мисалы, өткөн суткада өлкөгө 32 эл аралык авиакаттам менен келген жүргүнчүлөрдүн 793үндө COVID-19 илдетине каршы ПЧР-тести болгон эмес. Бул жарандардын тестине 5,5 миллион теңгеден ашык каражат сарпталат. Бул  чыгымдардын аз гана бөлүгү. Аны менен катар, ПЧР-тесттин жыйынтыгы чыкканга чейиналар мамлекеттин эсебинен карантиндик стационарга жаткырылат. Белгилей кетүүчү жагдай, көптөгөн өлкөлөрдө туристтер карантиндик ооруканаларда болуу акысы менен ПЧР анализдеринин наркын өздөрү төлөшөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков