Элеттеги саламаттык сактоону өнүктүрүү

Элеттеги саламаттык сактоону өнүктүрүү

Элеттеги саламаттык сактоону өнүктүрүү – артыкчылыктуу багыт. Бул тууралуу дарыгерлер менен болгон жолугушууда тиешелүү министрликтин башчысы Алексей Цой билдирди. Анын айтымында, айылдарда медицинаны өркүндөтүүгө кадрдык саясаттан баштап, шаймандарды жаңыртууга жана кызмат көрсөтүүлөргө чейин системалуу түрдө мамиле кылуу керек. Министр айткан көйгөйлүү маселелердин катарына медициналык мекемелердин начар жабдылышы, адистердин жетишсиздиги жана аларга карата узун кезектер кирет. Ушул жана башка курч маселелерди чечүү үчүн Саламаттык сактоо министрлиги атайын иш-чаралардын планын бекитти. Ал жакынкы беш жылга эсептелген. Анын алкагында айыл жеринде медициналык кызмат көрсөтүүнүн сапатын жогорулатуу боюнча бир катар тапшырмалар каралган.

Жамиля Абеуова, Алматы облусу ССБ Энбекшиказак көп профилдүү ооруканасынын мүдүрү:

- Айылдык аймактар – бул эң аялуу, эң алыс жайгашкан жерлер болуп саналат. Бүгүнкү күндө биздин алдыбызда структураны жакшыртуу, медициналык жардамды, тагыраак айтканда, тар адистештирилген жардамды жана алгачкы медициналык-санитардык жардамды жашоочулардын жашаган жерине жакындатуу милдети турат. Бул жер-жерлерде социалдык, медициналык жана психологиялык жардамды, ошондой эле, реабилитациялоону өркүндөтүү жана камсыз кылуу болуп саналат. Айрыкча, ушул жылы COVID менен ооруган тургундарга жардам берүү каралган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков