COVID-19: Казакстанда өткөн суткада 900гө жакын учуркатталды

COVID-19: Казакстанда өткөн суткада 900гө жакын учуркатталды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус жуктуруунун 900гө жакын учуру катталды. Эң жогорку көрсөткүч Алматы шаарында. Түштүк калаада 237 бейтап аныкталды. Андан кийин борбор калаада инфекцияга чалдыгуунун 112 учуру катталды. Илдеттин таралышы боюнча үчүнчү орунда Алматы облусу, аймакта 76 адам инфекцияны жуктуруп алган. Маңгыстау облусунда бир дагы бейтап катталган жок. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө 221 миңден ашуун коронавирус инфекциясы аныкталды. Бүгүнкү күндө жалпысынан 18 миң 500дөн ашуун бейтап дарыланууда, алардын 4700дөн ашууну стационардык шартта дарыгердин көзөмөлүнө алынган.

Которгон: Илгиз Жамалбеков