Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өстү

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өстү

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Өткөн суткада өлкөдө бир эле учурда 795 учур аныкталды. Өсүш боюнча антирейтингди Алматы шаары баштап турат. Бул жерде коронавируска чалдыккан 100 бейтап катталган. Казакстандын борборунда 85 учур. COVID-19 тастыкталган 82 бейтап менен Батыш Казакстан облусу алдыңкы үчтүктү толуктайт. Коркунучтуу вирусту жеңип чыккандардын саны дагы өсүүдө. Акыркы сутка ичинде 696 адам вирусту жеңип чыкты. Алардын жалпы саны 194 миңдин чегинен ашты.