«Балдар хирургдарынын мектеби»: Дүйнөгө белгилүү орус дарыгеринин мастер-классы

Медициналык окуу жайлардын студенттери жана тажрыйбалуу дарыгерлери үчүн дарстар, семинарлар жана мастер-класстар. Казакстанда дүйнөгө белгилүү дарыгер Юрий Козловдун катышуусунда «Балдар хирургдарынын мектеби» өтүүдө. Алматылык дарыгерлердин квалификациясын жогорулатууга катышкан адис эми борбордогу кесиптештерин окутууга киришти. Мастер-класстардын алкагында балдардын олуттуу ооруларын мыкты медициналык жана инновациялык ыкмаларды колдонуу менен дарылоо үчүн 15 таанып-билүүчүлүк операция жасалат. Таланттуу хирург Казакстанга эки өлкө кызматташтыгы алкагында атайын чакыруу менен келген. Мүмкүн болушунча кеңири аудиторияны камтуу үчүн бардык операциялар онлайн режиминде көрсөтүлөт. Белгилей кетсек, Юрий Козлов мастер-класстарын досу, атактуу казакстандык балдар хирургу Алмас Ормантаевдин урматына арнаган.

ЮРИЙ КОЗЛОВ, МЕДИЦИНА ИЛИМДЕРИНИН ДОКТОРУ, ОРУСИЯ ФЕДЕРАЦИЯСЫНЫН ИРКУТСК ШААРЫНЫН БАЛДАР ХИРУРГИЯСЫ БОРБОРУНУН БАШЧЫСЫ:

 - Балдарга бардык эле операцияны жасоо оңой эмес. Айрыкча, бейтап наристенин төрөлгөнүнө бир ай гана болсо кыйынга турат. Биз өзүбүздүн казакстандык кесиптештерибизден жашыра турган эч нерсебиз жок. Казакстанда балдар хирургиясынын өнүгүшү таң калтырат. Мындай жакшы тенденция бардык жерде байкалууда. Борбордогу заманбап шаймандар менен жабдылган борборлордо гана эмес. Ошондой эле, Алматыда да жакшы өнүгүп жатат. Андагы салттуу балдар ооруканалары да керектүү курал-жабдыктар менен толук жабдылган. Айрымдарын ал тургай Орусиядан дагы көрө элекмин. Бул жагы мени аябай таң калтырды. Мен заманбап хирургиялык шаймандар менен иштегениме кубанычтамын.

Юрий Козловдун айтымында, ал жергиликтүү кесиптештери менен абдан татаал делген эндоскопиялык операцияларды жасоо менен бирге, башка да алдыңкы ыкмалар тууралуу айтып берет. Алардын арасында робот операциясы бар. Бул дүйнөлүк медицинанын келечеги, дейт адис.