Коронавирус: Казакстан «Жашыл» аймакта

Коронавирус: Казакстан «Жашыл» аймакта

Коронавирустун таралуу көрсөткүчү боюнча Казакстан «сары» зонадан «жашыл» зонага өттү. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкөдө 1186 адамдан коронавирус аныкталды. Эң көп бейтап дале болсо Павлодар облусунда катталууда. Аймакта 225 адам илдетти жуктуруп алган. Андан кийин Акмола облусу – мында 164 бейтап, Костанай облусунда - 83, борбор калаада - 120 адамга COVID-19 диагнозу коюлду. Жалпысынан өлкөдө бейтаптардын саны 193 миңге жакындады. Мындан тышкары, акыркы сутка ичинде 1450 адам коронавирустан сакайып чыккандыгын министрлик кошумчалады.