Казакстанда 1110 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты

Казакстанда 1110 адам коронавирус илдетинен айыгып чыкты

Казакстанда өткөн суткада 1110 адам коронавирустан айыгып чыкты. Дарыгерлердин маалыматына караганда, Павлодар облусунда 286 адам кооптуу вирустан арылды. Алматыда 200дөн бир аз көбүрөөк адам сакайып чыкканы кабарланды. Акмола облусу инфекцияны жеңип чыккандардын өсүү темпи боюнча алдыңкы үчтүктү толуктайт.

Казакстанда 1110 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты:

Нур-Султан шаарында - 53,

Алматы шаарында - 205,

Шымкент шаарында - 5,

Акмола облусунда - 114,

Актөбе облусунда - 12,

Алматы облусунда - 60,

Атырау облусунда - 108,

Чыгыш Казакстан облусунда - 30,

Батыш Казакстанда  - 5,

Караганды облусунда - 66,

Костанай облусунда - 72,

Кызылорда облусунда - 8,

Мангыстау облусунда - 6,

Павлодар облусунда - 286,

Түндүк Казакстанда  - 61,

Түркестан аймагында - 19.

Ошол эле учурда, акыркы сутка ичинде республикада аталган илдетке чалдыккандардын санынын өсүшү дагы катталды. ПЧР-тестинин оң натыйжасы бир учурда 1280 адамдан аныкталды.  Жалпысынан, пандемия башталгандан бери өлкөдө 191 миңден ашык учур катталды.