1480 адамдан коронавирус аныкталды

1480 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирус өткөн суткада 1480 адамдан аныкталды. Бейтаптардын эң көп саны Акмола жана Павлодар облустарында катталды. Бул аймактарда тиешелүүлүгүнө жараша 219 жана 217 учур аныкталды. Баш калаа Нур-Султанда бул илдетке чалдыккандардын саны да көбөйгөн. Борбордо кечээ кооптуу вирус 211 адамдан  табылган. Жалпысынан өлкөдө бейтаптардын саны 178 миң 454 адамга жетти. Ал эми 160 миңден ашуун адам сакайып чыкты. Үчтүн айынын 25 карата маалымат боюнча,  27 360 адам коронавирус инфекциясынан дарыланууда.