Казакстан кант диабети менен ашыкча салмакты дарылоо ыкмаларын өркүндөтөт

Казакстан кант диабети менен ашыкча салмакты дарылоо ыкмаларын өркүндөтөт

Казакстан кант диабетин жана семирүүнү дарылоо ыкмаларын өркүндөтөт. Өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлиги менен фармацевтикалык өнүмдөрдүн алдыңкы дүйнөлүк өндүрүүчүсү компаниянын ортосунда социалдык маанидеги жугуштуу эмес ооруларды дарылоодо кызматташуу боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна кол коюлду. Макулдашууга ылайык, алар эки тараптуу кызматташтыкты бир нече багытта өнүктүрүүгө ниеттенишүүдө, атап айтканда: дары-дармектердин ата мекендик өндүрүшүн колдоо жана өнүктүрүү, диабет жана семирүү жаатында үзгүлтүксүз медициналык билим берүү долбоорлору аркылуу адамдык дараметти чыңдоо, илимий-изилдөө мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу. Ошондой эле, Казакстанда адам үчүн инсулин дарыларын чыгарууну андан ары жолго коюу үчүн жигердүү фармацевтикалык субстанцияны жергиликтүү рынокко жеткирүү мүмкүнчүлүгү изилденет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков