Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүүдө

Казакстанда коронавирус менен ооругандардын саны көбөйүүдө

Казакстанда бир суткада 2480 адамдан коронавирус аныкталды. Ооруну жуктургандардын эң көп саны борбор калаада катталган – 796, андан кийинки тизмеде экинчи орунда Алматы турат – 722 адамга жуккан, ал эми Караганды облусу жүз алтымыш беш бейтап менен алдыңкы үчтүктү жабат. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө пандемия башталгандан бери бир миллион 326 миңден ашык лабораториялык тастыкталган ковид инфекциясы катталган. Учурда 14 миңден ашуун жаран дарыланууда. Алардын 1206сы ооруканада. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 324 миңден ашуун адам эмделген. 4 миллион 950 миңден көп казакстандыктар ревакцинациядан өтүштү.

 

Которгон: Назира Бегалиева