Казакстанда акыркы суткада 1477ден ашык адам коронавирус жуктуруп алды

Казакстанда акыркы суткада 1477ден ашык адам коронавирус жуктуруп алды

Өткөн суткада Казакстанда коронавирус жуктурган 1477 жаңы учур катталды. Ооругандардын көбү 573 адам Алматы шаарында аныкталган. Инфекция борбор калаанын 493, Алматы облусунун 91 тургунунан табылды. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 1 миллион 318 миңден ашты. Учурда 8 миң 700дөн ашуун адам ковид инфекциясынан дарыланып жатат, анын ичинде 680 бейтап ооруканаларда. Ошондой эле, Казакстанда коронавируска каршы эмдөө өнөктүгү уланууда. Акыркы маалыматтар боюнча, 9 миллион 321 миңден көп казакстандык толук эмдөөдөн өттү. 4 миллион 917 миңден ашык тургун ревакцинацияланды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков