Казакстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 189 учуру аныкталды

Казакстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруунун 189 учуру аныкталды

Казакстанда коронавирус жуктургандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы суткада эле республика боюнча инфекциянын 189 учуру катталды. Ошентип, Алматы шаарында эле жүзгө жакын адамга, Нур-Султан шаарында 55 бейтапка ковид диагнозу коюлду. Антирейтингди өлкөнүн үчүнчү мегаполиси жана Алматы облусу толуктайт, алардын ар биринде вирустун 8 жаңы учуру катталды. Дарыгерлердин айтымында, учурда өлкөдө 788 адам COVID-19 инфекциясына каршы дарыланып жатат, алты адамдын абалы оор.

Которгон: Илгиз Жамалбеков