BioNTech жана Pfizer жаңы вакцинаны сынап көрдү

BioNTech жана Pfizer жаңы вакцинаны сынап көрдү

Германиянын BioNTech жана америкалык Pfizer фармацевтикалык компаниялары коронавирустун омикрон штаммына каршы эки жаңы вакцинаны сынап көрүштү. Экөөнүн эффективдүүлүгү 56 жаштан жогору 1200дөн ашык адам катышкан клиникалык сыноолордо талданды. Окумуштуулар эки препарат тең штаммдарга каршы натыйжалуулугун көрсөткөнүн айтышат. Белгилей кетсек, жайдын келиши менен Европанын көптөгөн өлкөлөрүндө омикрон штаммдары тарай баштаган. Адистердин айтымында, вирустун бул түрү башкаларга караганда тез тарайт.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков