АКШ сырттан келген жүргүнчүлөр үчүн ПЧР-тест тапшыруу талабын алып салды

АКШ сырттан келген жүргүнчүлөр үчүн ПЧР-тест тапшыруу талабын алып салды

АКШда чет элдик жүргүнчүлөр үчүн ПЧР-тестин тапшыруу талабы жоюлду. Ошондой эле, адамдын коронавирустан айыгып чыкканын тастыктаган маалымкат да талап кылынбайт. Чектөө чараларын жеңилдетүүгө дүйнөдөгү эпидемиологиялык абалдын жакшырышы себеп болду. Бул тууралуу Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору билдирди. Жергиликтүү бийлик эгер кырдаал курчуса, талаптар күчөтүлөөрүн эскертет. Анткен менен серепчилер туристтерге саякатка чыгаар алдында жакшылап текшерилип алууга кеңеш беришет. Эске салсак, Улуу Британия, Канада жана Түркия ПЧР-тестин талап кылууну токтотушкан.

Которгон: Илгиз Жамалбеков