ДССУ: маймыл чечегинин таралышына каршы чараларды көрүүгө чакырды

ДССУ: маймыл чечегинин таралышына каршы чараларды көрүүгө чакырды

Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму маймыл чечегинин андан ары жайылышын алдын алуу үчүн бир катар чараларды көрүүгө чакырды. Уюм оору тууралуу маалымдуулукту жогорулатуу жана инфекция жуккан учурларды аныктоо, бейтаптарды изоляциялоо, ошондой эле бейтаптар менен байланышта болгондорду издөө боюнча комплекстүү иштер жүргүзүлүшү керектигин баса белгиледи. Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун маалыматы боюнча, Европа, Түндүк Америка жана Австралияда маймыл чечеги оорусу катталган. Жалпысынан дүйнөдө 90го жакын учур аныкталды. Дагы 30га жакыны медициналык кароодон өтүүдө. Азырынча каза болгондор катталган жок. Адистер маймыл чечегин жуктургандардын саны көбөйгөнүнө карабастан, жаңы пандемия коркунучу жок экенин айтышууда.

 

Которгон: Илгиз Жамалбеков