Pfizer вакцинасы бардык казакстандыктарга жеткиликтүү

Pfizer вакцинасы бардык казакстандыктарга жеткиликтүү

Pfizer вакцинасы бардык казакстандыктарга эмдөө жана ревакцинациялоо үчүн жеткиликтүү. Мындай чечимди өлкөнүн башкы мамлекеттик санитардык дарыгери кабыл алды. Эмдөөдөн өтүүнү каалагандар борбордогу клиникалардан тышкары соода борборундагы вакцинациялоо борборунан да вакцина алса болот. Коронавируска каршы вакцинациялоонун экинчи толук курсунун ортосундагы аралык кеминде 3 айдан кем болбошу керек.

Ералы Тогжанов, Премьер-Министрдин орун басары:

- Маалым болгондой, Pfizer препараты менен эмделүү боюнча жарандардан көптөгөн кайрылуулар түшкөн. Биринчиден, алгач ага белгилүү болгон топтун мүчөлөрү гана эмдөөдөн өткөн. Көп балалуу энелерге жана 18 жашка чейинки балдарга, ошондой эле чет өлкөгө чыккан жарандарга уруксат берилет. 60 жана 50 жаштагы жарандарга да мүмкүнчүлүк берилди. Бүгүн биз бардык жагдайларды карап чыктык.

Вице-премьер-министр Казакстанда коронавируска каршы жамааттык иммунитет иштелип чыкканын белгиледи. Бүгүнкү күндө 10 миллионго жакын казакстандыктар толук эмдөөдөн өтүштү. Бул вакцина ала тургандардын  80 пайызын же өлкө калкынын 52 пайызын түзөт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков