Казакстанда бир суткада 834 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда бир суткада 834 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда коронавирусту жуктуруп алгандардын саны өсүүдө. Өткөн суткада 834 адамдан кооптуу илдет аныкталды. Тактап айтканда, Нур-Султанда 123 жана Алматы шаарында 122 учур катталды. Ал эми Атырау облусунда бул жолу 75 адам вирус жуктурган. Павлодар, Костанай, Акмола жана Алматы облустарында да көрсөткүчтөр жогорку. Ошентип, өлкө боюнча жалпы бейтаптардын саны 165 миңден ашты.

Өлкөдө коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 165 миң 311ге жетти.

Алматы шаарында - 19980 (+122),

Нур-Султан шаарында -19572 (+123),

Чыгыш Казакстан облусунда - 19397 (+39),

Атырау облусунда - 14614 (+75),

Караганды облусунда - 12571 (+40),

Павлодар облусунда - 10098 (+70),

Батыш Казакстан облусунда - 9752 (+40),

Түндүк Казакстан облусунда - 9350 (+59),

Костанай облусунда - 8379 (+74),

Акмола облусунда - 8017 (+59),

Алматы обл. - 7848 (+56),

Шымкент шаарында - 5652 (+14)

Жамбыл облусунда - 5187 (+13),

Мангыстау облусунда - 3835 (+10),

Түркстан аймагында - 3816 (+16),

Актобе облусунда - 3780 (+13)

Кызылорда облусунда -3463 (+11)

Деген менен вирустан сакайып чыккан казакстандыктардын да саны аз эмес. Өткөн суткада 745 адам коронавирус инфекциясынан айыгып чыкты. Ошентип, COVID-19 дарыланып, айыгып кеткен адамдардын саны 151 миңден ашты.