Казакстанда өлкө тургундарынын жарымынан ашыгы эмделди

Казакстанда өлкө тургундарынын жарымынан ашыгы эмделди

Казакстандыктардын жарымынан көбү коронавируска каршы эмдөөнүн биринчи этабынан өттү. Ал эми 8 жарым миллиондон ашык жаран препараттын экинчи компоненти менен эмделди. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Анын айтымында, учурда өлкөдө кайра эмдөө боюнча үгүт иштери кызуу жүрүп жатат. 2 миллиондон ашык адам кошумча доза менен эмдөөдөн өткөн. Тиешелүү мекеме башчысы бүгүнкү күндө өлкөдө кандай вакциналар жеткиликтүү экенин айтып берди.

«2021-жылдын бирдин айынан баштап аймактарга 27 миллиондон ашык вакцина, анын ичинде 1 компоненттүү вакцина менен 6,4 миллиондон ашык дозасы жана Sputnik V эки компоненттүү вакцинанын 6,4 миллион дозасы, QazCovid-in (QazVac) 2,9 миллион дозасы, Hayat Vax SARS-CoV-2 Vero Cell (Sinopharm) вакцинасынын 1 миллион дозасы, Coronavac (Sinovac) вакцинасынын 500 миң дозасы, Sinopharm вакцинанысынын 6 миллион дозасы, Комирнати вакцинасынын 4 миллион дозасы (Pfizer) жана Sputnik Light вакцинасынын 150 миң дозасы жеткирилди», - деди министр.

Ажар Гинияттын айтымында, Пфайзер вакцинасы менен эмделген адамдардын тизмеси дагы да кеңейет.

«Азыркы учурда аталган вакцина менен эмдөө алгандардын санын кеңейтүү чаралары кабыл алынды. Pfizer компаниясынын Комирнати вакцинасын элдин башка аялуу топтору үчүн жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу үчүн 1 миллион дозасын алып келүү каралууда», - деп түшүндүрдү Саламаттык сактоо министри.

Буга чейин Pfaizer менен 12 жаштан 17 жашка чейинки балдар, кош бойлуу жана бала эмизген аялдар эмдөөдөн өтүштү. Жакында эле ал медициналык кызматкерлер менен 60 жаштан ашкан адамдарга ревакцинациялоо үчүн жеткиликтүү болду.

Которгон: Илгиз Жамалбеков