Казакстанда карантин мөөнөтү кыскартылды

Казакстанда карантин мөөнөтү кыскартылды

Казакстанда карантин мөөнөтү кыскартылды. Бейтаптын 7-күнү тапшырган ПЧР-тестинин терс натыйжалары болгон учурда өзүн-өзү обочолоо мөөнөтүнөн мурда токтотулат. Бул тууралуу өкмөттүн жыйынында саламаттык сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Министр эгер бейтап бир жумадан кийин ПЧР-тестин кайра тапшырбаса, анын карантини 10-күнү бүтөөрүн түшүндүрдү.

Ажар Гиният, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- «Omicron версиясы менен шартталган коронавирустук инфекциянын жайылуу ылдамдыгынын жана жүрүшүнүн өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен карантин жана ачык макамындагы өзгөрүү мөөнөттөрү кайра каралып чыкты», - деди Ажар Гиният.

Которгон: Илгиз Жамалбеков