ССМ: карантин мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

ССМ: карантин мөөнөтү кыскарышы мүмкүн

Казакстанда үчтүн айынын 24нөн тарта коронавируска каршы карантин мөөнөтүн эки жумадан он күнгө кыскартуу мерчемделүүдө. Учурда серепчилер башкы санитардык дарыгердин токтомунун долбоорун карап жатышат. Биринчи кезекте, кыскартылган карантиндик мөөнөт эмдөөдөн өткөн же кайра вакцина алгандарга тиешелүү. Мындан тышкары, терс ПЧР тести карантиндик мезгилди кыскартууга себепчи болот. Аны карантиндин жетинчи күнүндө тапшыруу мүмкүндүгү берилет.

Айжан Есмагамбетова Казакстандын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу санитардык-эпидемиологиялык комитетинин төрагасы:

- Эгерде илдеттин эч бир белгиси байкалбаса, бирок ПЧР тест оң натыйжа көрсөтсө учурдагы алгоритм колдонулат. Башкача айтканда, алар он күнгө карантинге чыгышы керек. Бир жумадан кийин ПЧР анализи тапшырылып, жыйынтыгы терс чыкса, ошол эле күнү карантинден чыгарылып, жумушуна кайтууга болот. Такыр мүмкүн болбосо толук он күнгө обочолонуу кажет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков