Омикрон: эпидемиологдордун пикири

Омикрон: эпидемиологдордун пикири

Коронавирустун жаңы штаммы дүйнө жүзү боюнча, анын ичинде Казакстанда да тездик менен жайылып жатат. Omicronдун белгилери кандай? Ал эмнеси менен коркунучтуу? Андан кантип коргонуу керек? Суроолорго санитардык-эпидемиологиялык талдоо боюнча адис Гаухар Нусупбаева жооп берди. Анын айтымында, COVID-19 жаңы штаммынын белгилери курч респиратордук инфекцияга абдан окшош. Сасык тумоо сыяктуу илдет катары жайылып жаткан коронавирустун жаңы вариантын лабораторияларда дарт аныктоо аркылуу гана билүүгө болот.

Гаухар Нусупбаева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык талдоо боюнча адиси:

- Белгилери боюнча, бул Omicron штаммы дем алуу органдарынын кандайдыр бир түрү экендигин аныктоо керек. Бүгүнкү күндө сасык тумоо мезгили да, респиратордук оорулар да күчөп жатканын өзүңүз түшүнүп жатсаңыз керек. Мындай учурда ал омикронбу же башка штаммбы албетте адам өзү ажырата албай калат. Муну айырмалоонун кажети жок. Биринчи белгилери байкалганда киши эмне менен ооруп жатканын, бул ковид инфекциясыбы же респиратордук инфекциябы аны аныктоо үчүн лабораторияга тест тапшыруу керек.

Адистердин айтымында, Omicron штаммынын башка коронавирус штаммдарынан айырмасы анын инкубациялык мезгили кыска. Үч күндөн 5 күнгө чейин. Дагы бир айырмачылыгы бат жугат жана тез арада жайылат.

Гаухар Нусупбаева, Саламаттыкты сактоо министрлигинин санитардык-эпидемиологиялык талдоо боюнча адиси:

- Мурунтан белгилүү болгондой, вирустун бул версиясында 30дан ашык аминокислота алмаштыруучу жөндөм бар. Бул анын таралуу мүмкүнчүлүгүнө жардам берет. Бүгүнкү күндө дельта омикронго караганда жайылышы жана жуктуруу ылдамдыгы азыраак деген маалымат бар. Бизде профилактиканын эң жакшы жолу - бул эмдөө. Ошондуктан коронавирус жана анын штаммдары эмдөөдөн өтпөгөн жана инфекцияга чалдыккан адамдар үчүн коркунучтуу.

Адистер инфекция жуктурбоо үчүн санитардык-гигиеналык чараларды сактоону, беткап тагынууну, колду бат-баттан жууп турууну жана эл көп чогулган жерлерден алыс жүрүп, иммунитетти чыңдоону сунушташат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков