Казакстан коронавирус илдети боюнча кызыл аймакта

Казакстан коронавирус илдети боюнча кызыл аймакта

Казакстан коронавирус эпидемиясы боюнча кызыл зонада. Бул тууралуу өкмөттүн бүгүнкү жыйынында саламаттыкты сактоо министри Ажар Гиният билдирди. Тармак жетекчисинин айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абалдын кескин төмөндөшү Ковид-19 вирусунун омикрон түрүнүн тез таралышы менен шартталган. Министр омикрон штаммы көбүнчө жеңил жана белгилери билинбестен өтөрүн кошумчалады. Бүгүнкү күндө бейтаптардын 80 пайызы амбулатордук түрдө дарыланышууда. Акыркы жумада ооруканага жаткырылгандардын үлүшү 19,5 пайызды, ал эми оор жана өтө оор бейтаптардын үлүшү 5 пайызды түздү.

Ажар Гиният, Саламаттыкты сактоо министри:

- Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирустун омикрон түрү өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалды курчутту. Казакстанда омикрон түрү тез таралып жатат, Түркестан облусун кошпогондо, өлкө жана бардык аймактар кызыл зонада жайгашты. Акыркы бир айда коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 19,6 эсеге, репродуктивдүү сан 2,1 эсеге, COVID-19га тест тапшыргандардын саны суткасына 3,5 эсеге өстү. Ал эми күн сайын 50 миңден ашык тест жасалууда. Кошумчалай кетсек, ооругандардын саны өскөнүнө карабастан, курмандыктардын саны акыркы бир айда 2,5 эсеге азайган.

Министр ошондой эле өлкөдө эмдөө көрсөткүчү 1,6 эсеге, ревакцинациялоо 3 эсеге кыскарганын билдирди. Илдеттин өсүшүнө жана көрүлүп жаткан чараларга баа берүү боюнча республикалык штаб түзүлүп, тиешелүү түрдө ар бир аймак менен иш жүргүзүлөт, - деди Ажар Гиният.

Которгон: Илгиз Жамалбеков