QazVac вакцинасын иштеп чыгуучулар мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

QazVac вакцинасын иштеп чыгуучулар мамлекеттик сыйлыкка ээ болду

Казакстанда илим жана техника жаатындагы Аль-Фараби атындагы мамлекеттик сыйлыктар тапшырылды. Эң жогорку сыйлык QazVac коронавирустук препаратын иштеп чыккандарга берилди. Тиешелүү жарлыкка Касым-Жомарт Токаев кол койду.

ДССУ QazVac вакцинасын таанышы мүмкүн

Белгилей кетсек, Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ата мекендик QazVac вакцинасын таанышы мүмкүн. Мындай божомолду Президенттин штаттан тышкаркы кеңешчиси жана реформалар боюнча Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Сума Чакрабарти жасады.

Сэр Сума Чакрабарти, РКнын Президентинин штаттан тышкаркы кеңешчиси, РКнын Президенти алдындагы Жогорку кеңеш төрагасынын реформалар боюнча орун басары:

- Жыл сайын вакциналардын курамын өзгөртүү зарыл. Калкты эмдөө үчүн рынокко жаңы варианттарды киргизүү керек. Менимче, Казакстан чоң иш жасады. 8 миллиондон ашык адам вакцина алды. Эмдөөнүн көрсөткүчүн жогорулатууну улантуу зарыл. Муну мындан ары да жайылтыңыз. QazVacты жакында ДССУ тааныйт жана бул казак илиминин жетишкендиги болуп саналат.

Которгон: Илгиз Жамалбеков