Кош бойлууларга коронавируска каршы вакцина алууга болобу?

Кош бойлууларга коронавируска каршы вакцина алууга болобу?

Коронавируска каршы эмдөө кош бойлуу аялдардын илдеттин өрчүшүн алдын алат жана өлүм коркунучун 70% азайтат. Бул тууралуу казак окумуштуусу Вячеслав Локшин билдирди. Ал белгилегендей, АКШ, Улуу Британия, Израил жана Бельгияда вакцина болочок энелерге зыяны жок, тскерисинче организмди иммунизациялоо үчүн зарыл деген чечимге келишкен. Серепчинин айтымында, эне менен баланы коргоонун бирден бир жолу - маанилүү өнөктүктөн четте калбоо.

Вячеслав Локшин, акушер-гинеколог, репродуктолог, илимпоз:

- Тилекке каршы, кош бойлуу аялдардын коронавируска чыдашы кыйын, айрыкча кош бойлуулардын өнөкөт оорулары бар болсо. Ошондуктан болочок энелерди илдетке каршы эмдөө инфекция коркунучунан ишенимдүү коргоонун бирден-бир жолу. Ал өрчүүдөн, пневмониядан жана өлүмдөн сактайт. Мунун маанилүүлүгүн түшүнүп, эмдөө кампаниясынан баш тартпаган оң. Бул максатта колдонулган вакциналар клиникага чейинки жана клиникалык изилдөөлөргө сыналган. Жыйынтыгында баланын жана эненин ден соолугуна терс таасирин тийгизбей тургандыгы далилденген. Мындан тышкары, изилдөөлөрдүн жүруцшүндө балада антителолор пайда болгондугу аныкталды. Башкача айтканда, эмдөө, эмизүү учурундагыдай эле, жаңы төрөлгөн балага коронавируска каршы антителолорду камсыз кылууга мүмкүнчүлүк берет.

Вячеслав Локшин вакцинациялоонун оптималдуу мөөнөтү кош бойлуулуктун 16-37-жумасына чейин экенин баса белгиледи. Адистин айтымында, кош бойлуулукка чейин эмдөө өзүн жана баланы кооптуу илдеттин биринчи баскычынан коргоонун кепилдиги болуп саналат. Белгилей кетсек, Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, америкалык Pfizer вакцинасы менен 9 миң бала эмизген эне эмделди. Ошондой эле, 4600 кош бойлуу аялды эмдөө менен илдеттин жайылышын алдын алуу көздөлгөн.

Которгон: Илгиз Жамалбеков