Казакстанда ревакцинация жетинин айынын 20да башталат

Казакстанда ревакцинация жетинин айынын 20да башталат

Казакстанда коронавируска каршы ревакцинациялоо өнөктүгү башталат. Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, кайра эмдөө жетинин айынын 20на белгиленген. Ошол эле учурда, дарыгерлер биринчи вакцинадан башка вакцинаны алууга кеңеш беришет. Мисалы, Sputnik V алгандар 9 айдан кийин инактивдүү вакцинаны, ал эми QazVac же Vero Cell алгандар 6 айдан кийин вектордук вакцина алганы жакшы. Белгилей кетчү нерсе, кошумча дозаны алуу үчүн антителолорго тест тапшыруунун кажети жок.

Эльвира Ибрагимова, шаардык борбордук клиникалык оорукана мүдүрүнүн орун басары:

- Биринчи кезекте ден соолугу начар адамдарга ревакцинациялоону сунуштайбыз. Алар 65 жаштан ашкан тургундар. Себеби, илдетти жуктуруп, ооруканага түшкөндөрдүн басымдуу бөлүгү 60 жаштан ашкандар. Иммундук системасы начар адамдар. Мындан тышкары, алдыңкы сапта иштеп жүргөн медицина кызматкерлери жана укук коргоо органдарынын кызматкерлери ревакцинацияланууга тийиш.

Которгон: Илгиз Жамалбеков