Ревакцинациялоо өкмөт фондунун эсебинен жүргүзүлөт

Ревакцинациялоо өкмөт фондунун эсебинен жүргүзүлөт

Ревакцинацияга жумшала турган каражат Өкмөттүк фонддон бөлүнөт. Бул тууралуу вице-премьер-министр Ералы Тугжанов Мажилистин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, эмдөөнүн экинчи этабы жетинин айында башталат. Препаратты биринчилерден болуп дарыгерлер, мугалимдер жана 60 жаштан ашкан адамдар алышат. Кайра эмдөө кампаниясына жалпысынан 800 миң адамдын катышуусу күтүлүүдө. Ал эми келерки жылы дагы 2 миллион адам эмделет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков