Казакстандын жаңы QazCoVac-P вакцинасын адамдарга сыноо башталат

Казакстандын жаңы QazCoVac-P вакцинасын адамдарга сыноо башталат

Казакстандын жаңы QazCoVac-P вакцинасын адамдарга сыноо башталат. Препаратты иштеп чыгуучулар тестирлөөнүн экинчи этабына өткөнүн жарыялашты. Белгилей кетсек, Биологиялык коопсуздук илимий-изилдөө институту тесттерге бир убакта 200 ыктыярчы катышаарын билдирди. Бул этапта QazCoVac-Pнин иммуногендүүлүгү жана коопсуздугу изилденет. Иштеп чыгуучулар вакцинаны жеткирүү оңой экенин белгилешет.

Буга кошумча, изилдөө институтунун адистери дагы эки вектордук препарат иштелип чыгуу үстүндө экендигин маалымдашты. Адистердин айтымында, дельта штаммына каршы күрөшкөн QazVacтын өзгөртүлгөн версиясы даяр болоруна аз калды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков