Казакстанда тогуздун айынын 20нан тарта карантин талаптары жеңилдетилет

Казакстанда тогуздун айынын 20нан тарта карантин талаптары жеңилдетилет

Коронавирус чегине баштады. Казакстанда кооптуу илдеттин жайылышы акыркы эки жумада 17%га басаңдады. Акыркы бир айдын ичинде күнүмдүк өсүш эки эседен ашуунга кыскарды. Ал эми өткөн эки айда вируска чалдыгуу учурлары 3,8 эсеге азайган. Бул мезгилде курмандыктардын көрсөткүчү 3,6 эсеге төмөндөдү. Эске сала кетсек, баш оона айынын 25нен бери өлкөдө COVID-19 менен күрөшүүгө тартылган 103 объект жабылды. Башкача айтканда, ооруканаларда 30 миңден ашуун орун кыскарды. Учурда инфекциялык бөлүмдө орундуктарынын саны 34%, ал эми жандандыруу бөлүмүндөгү жүктөм 29%ды түзүп жатат. Эпидемиологиялык абалдын туруктануусу жана эмдөөгө жарамдуу калктын 70% ашууну вакцина алгандыгын эске алып, ушул жылдын тогуздун айынын 20нан баштап карантиндик чараларды жеңилдетүү пландалууда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында билдирди.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Келүүчүлөр COVID-19га каршы эмдөөнүн толук курсун алгандыгы тууралуу документти же натыйжасы үч суткадан ашпаган ПЧР-тестин сунуштаган кезде карылар жана балдар үйлөрү сыяктуу медициналык-социалдык мекемелердеги бейтаптарга барууга уруксат берилет. Түнкү клубдардын кызматы жашыл макамы бар адамдар үчүн гана ачылат. Алар 50%га чейин толушу керек, бирок жашыл аймакта 100 адамдан, сары аймакта 70 адамдан жана кызыл аймакта 50 адамдан ашпашы керек. Ашык долбооруна катышкан бизнес объектилердин иш убактысы жашыл аймакта таңкы саат 3кө чейин, Ашык долбоорунун лидерлеринде - таңкы саат 5ке чейин, сары аймакта түнкү саат 1ге чейин узартылды.

Которгон: Илгиз Жамалбеков