Тогуздун айынын 15 - бүткүл дүйнөлүк кол жуу күнү

Тогуздун айынын 15 - бүткүл дүйнөлүк кол жуу күнү

Бүгүн бүткүл дүйнөлүк кол жуу күнү белгиленүүдө. Бул майрам биринчи жолу 2008-жылдын тогуздун айынын 15де белгиленген. Мындай адаттан тыш датанын идеясы БУУнун Башкы Ассамблеясына, ЮНИСЕФтин Балдар Фондуна жана Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмуна таандык. Ушул күнгө чейин жыл сайын тогуздун айынын 15де дүйнө жүзү боюнча иш-чаралар өткөрүлөт, анын максаты - колду жуубагандыктан пайда болуучу ооруларды алдын алуу. Алардын арасында холера, вирустук пневмония, гепатит, дифтерия, сасык тумоо, КРВИ, котур жана ар кандай бөтөнчө микроорганизм себепкер болгон оорулар бар. Маалыматка ылайык, адистердин айтымында, бул оорулар Азия менен Африкада ымыркайлардын өлүмүнүн башкы себептеринин бири болуп саналат. Мисалы, кир колдун оорусу деп аталуучу диареядан эле дүйнөдө күн сайын беш миң бала көз жумат. БУУнун жана ДССУнун серепчилеринин маалыматында, жуулбаган кол көйгөйү катастрофалык кесепеттерге алып келет жана аны дүйнөлүк масштабда караш керек.

Которгон: Илгиз Жамалбеков