Нур-Султанда коронавирус бейтаптарына арналган стационарлар эки эсеге азайды

Нур-Султанда коронавирус бейтаптарына арналган стационарлар эки эсеге азайды

Борбор калаада эпидемиологиялык абал жакшырып келүүдө. Жайдын акыркы айы менен күздүн биринчи айына салыштырмалуу коронавирустун таралуу деңгээли үч жарым эсеге азайган. Кооптуу илдет өрчүгөн мезгилде коронавирус бейтаптарын дарылоого ылайыкташтырылган 16 оорукананын бүгүнкү күндө 7си, ал эми керебеттердин төрттөн бир бөлүгү гана калган. Башкача айтканда, 4 миңден 990 орунга кыскарган. Алар 58%га толгон. Жандандыруу мекемелеринин иш көлөмү 44%ды түзөт. Ушул жумада төрт миңге жакын бейтапты айыктырган биринчи шаардык оорукана да калыптагы ишине киришет. Иммундаштырыла турган борбор калаадагы адамдардын көпчүлүгү коронавируска каршы вакцина алган. Бул эпидемияны толугу менен жеңүү үчүн жетишсиз дешет адистер.

Тимур Муратов, Нур-Султан шаарынын Коомдук саламаттыкты сактоо башкармасынын башчысы:

- Учурда жалпысынан 84 эмдөө пункттары, ошондой эле эмгек жамааттарын эмдөө боюнча мобилдүү топтор ишин улантууда. Бул эмдөөнүн жана жамааттык иммунитеттин калыптанышынан улам борбордо илдетке чалдыккандардын саны азайган. Биз акырындык менен кадимки жашоого кайтып келе жатабыз. Карантиндик чаралар жеңилдетилүүдө.

Которгон: Илгиз Жамалбеков