ССМ: Казакстанда эпидкырдаал жакшырууда

ССМ: Казакстанда эпидкырдаал жакшырууда

Коронавирустун таралуу темпи басаңдады. Казакстанда акыркы эки жумада илдетке чалдыгуу көрсөткүчү 36%га төмөндөдү. Мындай жагымдуу маалымат менен саламаттык сактоо министри Алексей Цой өкмөттүн жыйынында бөлүштү. Жуктуруу учурлары менен катар каза болгондордун саны дагы азайган. Бул көрсөткүч ушул айдын ортосу менен салыштырганда 3 эсеге жакшырган.

Алексей Цой, Казакстандын Саламаттык сактоо министри:

- Акыркы айда бир суткада илдет жуктуруп алгандардын саны 3,6 эсеге төмөндөдү. Ошол эле учурда, стационардык дарыланып жаткан бейтаптардын саны 2,4 эсеге азайган. Баш оона айынын 27деги 25 миңден аяк оона айынын 27не карата 10,5 миңге чейин кыскарды. Амбулатордук дарыланып жаткандар 1,7 эсеге, 89 миңден 51 миң бейтапка чейин азайды.

Ошондой эле, баш оона айынын 1нен баштап өлкөдө инфекциялык орундарга болгон талап азайып келет. Өлкөдө 57 Ковид стационарлары жабылды. Бүгүнкү күндө 4 аймак жашыл зонада турат. Алар: Жамбыл, Кызылорда, Маңгыстау жана Түркестан облустары.

Которгон: Илгиз Жамалбеков