Казакстанда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды

Казакстанда коронавирустун жаңы штаммы аныкталды

Коронавирустун жаңы Eta түрү Казакстандын төрт аймагында аныкталды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы Алексей Цой Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анын айтымында, инфекциянын жаңы версиясы Нур-Султан, Караганды, Мангыстау жана Павлодар облустарында катталган. Министр белгилегендей, ушул жылдын теке-баш оона айларында Covid-19 менен ооруган бейтаптарынан алынган оң лабораториялык үлгүлөрүн иреттөө жолу менен коронавирустук инфекцияга генетикалык изилдөө жүргүзүлгөн. Натыйжада 96 үлгүдө штаммдардын бар экендиги аныкталган. Атап айтканда, Дельта - 59%, Британдык - 25%, Ухань - 10% жана Еta - 5%. Белгилей кетсек, коронавирустун жаңы түрүнүн пайда болушу биринчи жолу өткөн жылдын бештин айында жарыяланган. Инфекциянын алгачкы белгилери Нигерияда жана Улуу Британияда аныкталды. Бүгүнкү күндө ДССУнун маалыматы боюнча, Еta штаммы дүйнөнүн 70тен ашык өлкөсүндө табылган. Анын симптомдоруна жогорку температура, жөтөл, жыт жана даам сзбөө кирет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков