Медициналык мекемелерде видеого тартууга уруксат берилди

Медициналык мекемелерде видеого тартууга уруксат берилди

Казакстанда медициналык мекемелерде аудио жана видео жаздырууга коюлган чектөө алынып салынды. Бул тууралуу республиканын башкы санитардык дарыгеринин жаңы токтомунда жарыяланды. Ага ылайык, саламаттык сактоо уюмдарында, медициналык тез жардам унааларында, карантинге жергиликтүү аткаруу органдары тарабынан белгиленген жайларда бейтаптардын жана медициналык кызматкерлердин макулдугусуз аудио, фото жана видеого жазууну чектөөчү пункту алынып салынды. Муну менен катар, коронавирус жуктурган бейтап менен байланышта болгон адамдарды бочолонтуу тартиби өзгөрдү. Бейтап адам менен байланышта болгон адамдар эки жумага милдеттүү түрдө карантинге алынышы керек. Ал эми эмдөөдөн өткөн жарандарда оорунун клиникалык белгилери болбосо обочолонбойт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков