Борбор калаада инфекциялык стационарлар жабылып жатат

Борбор калаада инфекциялык стационарлар жабылып жатат

Борбор калаадагы инфекциялык стационарлар этап-этабы менен жабылып жатат. Баш калаада коронавируска чалдыккандардын саны 21 пайызга кыскарды. Бул тууралуу шаардын коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгында өткөн брифингде айтылды. Мисалы, акыркы 2 күндө 370 орунду 3 оорукана жабылган. Бул ооруканалар эпидемия күчөгөн кезде, тагырагы бугу-теке айларында ачылган. Эгерде абал начарлабаса, кийинки жумада дагы эки ооруканада, инфекциялык орундар жабылат. Жалпысынан баш оона айына салыштырмалуу соңку күндөрдө борбор калаада кооптуу илдет жуктуруу көрсөткүчү 3 эсеге азайган.

Ал эми Алматыда карантин талаптарын жеңилдетүүгө багытталган санитардык дарыгердин жаңы буйругу чыкты. Документке ылайык, аяк оона айынын 6нан баштап «Ashyq» долбооруна катышуучуларынын иш күндөрүндөгү кызмат көрсөтүү убактысы узартылат. «Ashyq» лидерлерине түнкү саат 2ге чейин иштөөгө уруксат берилди. Дем алыш күндөрү кызмат «жашыл» макамы бар коноктор үчүн гана жеткиликтүү.

Которгон: Илгиз Жамалбеков