Казакстанда коомдук объектилердин иш убактысы узартылат

Казакстанда коомдук объектилердин иш убактысы узартылат

Казакстанда баш оона айынын тогузунан «Ashyq» тутумун колдонгон коомдук мекемелердин иш убактысы узартылат. Алардын эшиги түнкү саат 24:00 чейин ачык болот. Бул тууралуу Борбордук коммуникациялар кызматындагы брифингде өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой билдирди.

 Бул чечим соода, оюн-зоок борборлоруна жана соода тармактарына, фитнес жана SPA-борборлор, спорттук объектилер, сауналар, сулуулук салондору, караоке, кинотеатр жана башка калкты тейлөө объектилерине тиешелүү. Бирок «Ashyq» талаптарын бузууга карата катаал чаралар көрүлөт. Белгилүү болгондой, жаңы тутум боюнча өлкөнүн кызыл макамы бар 22 миңден ашык жараны башкаларга коркунуч келтире турганын билип туруп, мекемелерге кирүүгө аракет кылган. Адистер калкты эмдөөдөн өтүүгө кайрадан үндөп жатат, себеби дал ушул жол мурдагы жашоого кайтып келүүгө жардам берет.

Алексей Цой, КР Саламаттыкты сактоо министри:

- Оору жугузгандардын 99,9 пайызы эмдөө албаганын айтып өткүм келет. Бул эмдөөнүн коопсуздугун жана натыйжалуулугун тастыктайт. Учурда эмдөө гана коронавирустук инфекциянын оор кабылдоосун жана өлүмдүн алдын алуунун жападан жалгыз жолу. Ошондуктан ар бир казакстандыкты терең ойлонууга, өзүн жана жакындарын коргоого, биздин өлкөдөгү жамааттык иммунитетти түзүүгө салымын кошууга чакырам.