Казакстанда оору жугуу учурлары кайрадан өстү

Казакстанда оору жугуу учурлары кайрадан өстү

Казакстанда оору жугуу учурлары кайрадан көбөйгөнү катталды. Өткөн суткада эле республика боюнча COVID-19 жугузган 6 119 бейтап аныкталды. Оору жугуу учурларынын төрттөн бири өлкө борборуна туура келет. Ал эми 996 учур Алматыда катталды. Андан кийин 794 оору жугуу учуру менен Караганды облусу үчүнчү орунга чыкты.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузган бейтаптардын саны 546 миң кишиден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө карата 71 миң киши коронавируска каршы дарыланууда. 21 миңден ашык адам стационарларда дарыланып жатат. Министрлик билдиргендей, учурда 3 миллиондон ашык казакстандык COVID-19 оорусуна каршы вакцинанын эки компонентин толук алып бүттү.