Бизнес-Омбудсмен тейлөө кызматкерлерин тезирээк вакцинациялоого кантип шыктандыруу керектигин айтты

Бизнес-Омбудсмен тейлөө кызматкерлерин тезирээк вакцинациялоого кантип шыктандыруу керектигин айтты

Кызматкерлеринин 80ден 100%га чейин коронавируска каршы эмдөө жүргүзүлгөн мекемелердин иштөө убактысын узартуу. Мындай сунушту бизнес-акыйкатчы Рустам Журсунов айтып чыкты.

Анын пикиринде, мындай кадам тейлөө кызматкерлерин эмдөөнү тезирээк жүргүзүүгө түрткү берет. Казакстандагы ишкерлердин укуктарын коргоо боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү вице-премьер-министр Ералы Тугжановго кат жөнөтүп, анда ал бизнес үчүн эмдөө мөөнөтүн узартууну сунуштады. Рустам Журсунов мониторинг топтору берилген көрсөтмөлөр аткарылбай калган учурларда гана жооп бериши керек деп белгилейт.

Которгон: Илгиз Жамалбеков