Казакстанда коронавирусту жуктуруу көрсөткүчү кайрадан көбөйдү

Казакстанда коронавирусту жуктуруу көрсөткүчү кайрадан көбөйдү

Казакстанда COVID-19 инфекциясын жуктуруп алгандардын саны кайрадан көбөйдү. Акыркы сутка ичинде эле 2 016 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Эң көп бейтап борбор калаада катталган. Шаар тургундарынын 678 жашоочусуна коронавирус диагнозу ПЧР-тести аркылуу коюлду. Андан кийин Караганды облусу, анда 302 кишиден кооптуу вирус табылган. Үчүнчү орунда – Алматы турат, түштүк калаада 253 жаңы учур катталды.

Мындан тышкары, коронавирустан айыгып жаткандардын дагы саны өсүүдө. Акыркы суткада 1223 казакстандык кооптуу илдеттен толугу менен сакайып чыгышкан. Ал эми коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин алган адамдардын саны 2 миллиондон ашты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков