Аскар Мамин акимдерге эмдөө ыргагын күчөтүүнү тапшырды

Аскар Мамин акимдерге эмдөө ыргагын күчөтүүнү тапшырды

Өкмөттүн жыйынында премьер-министр Аскар Мамин акимдерге эмдөө ыргагын жогорулатууну тапшырды. Премьер-министр белгилегендей, борбор шаар менен катар дагы төрт аймак коронавирустун жайылышына байланыштуу «кызыл» аймакка кирген. Ошондуктан, эпидемиологиялык кырдаал татаал болгон бардык аймактарда «чектөө чаралары көрүлүп, мониторинг топторунун иши күчөтүлүшү керек», - деди өкмөт башчы.

Буга катар Аскар Мамин мунун баарын эске алып, резервдеги инфекциялык жайлардын даярдыгын текшерип, дары-дармектердин жана медициналык буюмдардын жеткиликтүү болушун камсыз кылууну тапшырды.

Аскар Мамин, РКнын Премьер-Министри: 

- Бүгүнкү күндө вакцинанын биринчи компонентин 3,3 миллионго жакын адам алды. Болжол менен 2 миллионго жакын адам II компонентти тең алышты. Бирок бул жетишсиз. Акимдер эмдөөлөрдүн темпин күчөтүшү керек. Бул айрыкча Мангыстау, Атырау жана Батыш Казакстан облустарына байланыштуу. Эмгек жамааттарында, кызмат көрсөтүү, билим берүү тармагында милдеттүү түрдө эмдөөнүн зарылдыгы бар.

Өкмөт отурумунда баяндама жасаган саламаттыкты сактоо министри Алексей Цой акыркы бир жумада эле өлкөдө коронавирус инфекциясынын саны 39 пайызга өскөнүн белгиледи. Күн сайын ооруканалардагы керебеттердин саны дагы өсүп жатканын кошумчалады. Анын айтымында, буга Нур-Султан менен Алматыдагы эпидемиологиялык абал себеп болду. Аталган шаарларда кооптуу илдетке чалдыгуу өлкөнүн жалпы көрсөткүчүнүн 43% түзөт. Ошондуктан, адистер коронавирустун жайылышын ооздуктоо үчүн массалык вакцинациялоону күчөтүү керек дешет.

Которгон: Илгиз Жамалбеков