Казакстанда соңку суткада 1 321 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда соңку суткада 1 321 адамдан коронавирус аныкталды

Казакстанда акыркы суткада коронавирус инфекциясын жуктургандардын саны 1 321 адамга көбөйдү. Эң көп бейтап борбор калаада катталды. Баш калаанын 370 тургунунда COVID-19 диагнозу ПЧР-тести аркылуу тастыкталды.

Андан кийин Караганды облусу турат, мында 288 адамдан кооптуу илдет аныкалган. Үчүнчү орунда – Алматы шаары, түштүк калаада 126 адам коронавирус менен ооругандыгы аныкталды. Пандемия башталгандан бери өлкөдө коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 421 миңден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 24 миңден ашуун казакстандыктар коронавирус инфекциясына каршы дарыланып жатышат. 1 миллион 954 миң 372 казакстандык буга чейин коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алууга жетишти.

Которгон: Илгиз Жамалбеков