Казакстан: өткөн суткада 1 496 адам коронавируска чалдыкты

Казакстан: өткөн суткада 1 496 адам коронавируска чалдыкты

Борбор калаада коронавирус жуктуруу көрсөткүчү боюнча жаңы анти-рекорд катталды. Өткөн суткада борбор калаанын 568 жашоочусуна ПЧР-тест аркылуу Covid-19 диагнозу коюлду.

Экинчи орунда - 186 бейтап аныкталган Алматы турат. Андан кийин Караганды облусунда кооптуу илдетке 145 адам чалдыккан. Ошентип, өлкө боюнча коронавирусту жуктуруп алгандардын катары суткасына 1 496 адамга көбөйдү. Пандемия башталгандан бери бейтаптардын жалпы саны 413 миңден ашты. Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, бүгүнкү күнгө чейин 1 миллион 793 миң 400 казакстандык коронавируска каршы вакцинанын эки компонентин тең алышты.

Которгон: Илгиз Жамалбеков